Жаңылыктар
УКМК «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген коррупциялык схеманы аныктады
Кылмыш
УКМК «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген коррупциялык схеманы аныктады

УКМК «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген коррупциялык схеманы аныктады.

 Ал схемага Чек ара кызматынын кызматкерлери, жеке менчик фирмалар аралашкан. Эки жоопкерчилиги чектелген коомдун кызматкерлери Чек ара кызматынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз жана пландан тышкары алып өтүүсү үчүн мыйзамсыз акча өндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүшкөн. Кезекке киргизүү үчүн айдоочулардан миң сомдон, контейнерлерди жүктөө үчүн 100 доллардан алып турушкан. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда. УКМК министрликтерде, ведомстволордо жана мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.