Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынындагы маанилүү чечимдер
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынындагы маанилүү чечимдер

“Улуттук “Манас” академиясы жана Чыңгыз Айтматов” мамлекеттик мекемеси “Манас” Улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси болуп өзгөртүлдү.

 Ал эми Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасына байланыштуу илимий-изилдөө функциялары Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна которулду. Бул чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Отурумдун чечими ылайык, кесиптик башталгыч билим берүү жайларында окутуу жүргүзүлүүчү кесиптердин тизмеси бекитилди. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев белгилегендей, бул токтом эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жумушчуларды жана адистерди даярдоо жаатындагы натыйжалуу иштерди камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Тизмеге ар түрдүү тармактардагы 159 кесип жана адистик киргизилген. Мындан тышкары жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча санитардык талаптарды бекитүү чечими кабыл алынды.