Жаңылыктар
"Сүтак" фильмине "Ника" сыйлыгы ыйгарылды
Маданият
"Сүтак" фильмине "Ника" сыйлыгы ыйгарылды

“Сүтак” фильмин тарткан чыгармачыл топко Россиянын киноискусство академиясынын “Ника” сыйлыгы ыйгарылды.

Муну Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XI - форумунун алкагында, Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой тапшырды. 

Михаил Швыдкой - фильмди тарткандар анын сүйүктүү кинематографисттери экендигин айтып, ыраазычылыгын билдирди. Салтанаттын акырында “Сүтак” фильми көрсөтүлдү.