Жаңылыктар
Сокулукта УКМКнын жаңы имараты капиталдык оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта УКМКнын жаңы имараты капиталдык оңдоодон өттү

Капиталдык оңдоодон кийин УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болду. 

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын өздүк курамы, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлер катышышты. 

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук жабдылган жана иштөө шарттары бардык талаптарга жооп берет. 

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, кызматкерлерге мындан ары да мамлекеттин бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө турганын белгиледи.