Жаңылыктар
Дмитриевка айылындагы атайын операциянын жүрүшүндө эки кызматкер жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Дмитриевка айылындагы атайын операциянын жүрүшүндө эки кызматкер жаракат алды

Бишкекке жакын Дмитриевка айылындагы атайын операциянын жүрүшүндө күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. 

Маалыматка ылайык, алардын бири амбулатордук түрдө дарыланат, экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат. 

Белгилей кетсек бүгүн эртең менен Чүй облусунун Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө ал куралдуу каршылык көрсөтүп, окуя болгон жерде өлтүрүлгөн.