Жаңылыктар
Жол эрежелеринин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежелеринин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө

Жол кыймылынын айрым эрежелерине салынган айып пулдардын жогорулагандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө.

Жыл башынан тартып, төрт ай аралыгында ылдамдыкты ашырып айдаган 41 938 айдоочу аныкталса, былтыр ушул убакытта 45 200 айдоочу аныкталган. Демек, 3262 фактыга азайган.

-Мас абалында унаа башкаргандардын саны төрт ай ичинде 3245 факты аныкталса,  былтыр 4029 факты катталган. Демек 784, фактыга азайган.

Ал эми  коопсуздук курун тагынбай унаа айдагандардын саны  быйыл  төрт ай ичинде  95 628 айдоочу аныкталса, былтыр 110 499 айдоочу аныкталган. Демек, 14 871 фактыга азайган.

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын 8-мартынан тартып, жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө айып пулдардын көтөрүлгөндүгүнүн себебинен,  Кыргызстанда жол эреже бузуу фактыларынын баардык түрлөрү азайууда.