Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров компенсациялык төлөм маселесин изилдеп чыгууну тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров компенсациялык төлөм маселесин изилдеп чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. 

Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо тапшырмасын берди.