Жаңылыктар
Дмитриевка айылында абал тынчыды
Кыргызстан жаңылыктары
Дмитриевка айылында абал тынчыды

Террорчулукка шектелген адам жок кылынганын күч органдары билдирди. Куралчанды кармоо операциясы Чүй облусунун Дмитриевка айылынын чок ортосунда жайгашкан айыл өкмөт менен медресенин жанында болгон.

Медресеге жакын жайгашкан турак жайдагы куралдуу кагылышуу учурунда үй өрттөнүп, 2 өрт өчүрүүчү унаа тилсиз жоонун мизин кайтарды. Саат ондор чамасында атайын операция аяктап, өрт өчүрүлүп, айылдын эки тарабынан тосулган жол ачылды.

Эске салсак, бүгүн таңда атышуу болуп ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрү куралчан террорчуга шектүүнү кармоо боюнча операция жүргүзгөн.