Жаңылыктар
Дмитриевкадагы медресе курчоого алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Дмитриевкадагы медресе курчоого алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Атышууда медресе курчоого алынды делген маалымат чындыкка туура келбейт. Окуя Дмитриевка айылындагы "Зулкарнайн" кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган.

Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда", - деп айтылат кабарда.