Жаңылыктар
Кургак учукка каршы мыйзамсыз колдонулган дарыдан эки киши каза тапты
Ден соолук
Кургак учукка каршы мыйзамсыз колдонулган дарыдан эки киши каза тапты

Кургак учукка каршы мыйзамсыз колдонулган дарыдан эки киши каза тапты. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп  жатат. Ошондой эле  тийиштүү дарыгерлерге карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Улуттук фтизиатрия борбору ФС-1 аталыштагы дарыны,  Дары дармектер  жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинен аккредитациялаган эмес. ФС-1 дарысы мыйзамсыз түрдө Казахстандан алынып келингени айтылууда. 

Мыйзамсыз жүргүзүлгөн клиникалык сыноодон улам эки киши каза болду. Ал эми сыноодон өткөн 54 кишинин ичинен он адамдын оорусу өтүшүп кеткен. Кургак учук менен жабыр таркан жарандар коомдук байкоочу кенештин төрагасы Айбар Султангазиевке кайрылышкан. Натыйжада ФС-1 препаратты кургак учук менен жабыркаган жарандарга  мыйзамсыз клиникалык сыноодон өтүп жатканы аныкталган.

Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, кылмыш иши козголду. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, Улуттук фтизиатрия борбору Кыргыз Республикасынын дары-дармектер жөнүндө мыйзамынынын талаптарын бузуп, ФС-1 дарысын сыноодон өткөрүү үчүн Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору” менен келишим түзгөн. Буга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат дейт башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова

Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин өкүлү Замирбек Акаевдин айтымында, департамент бул мыйзамсыз иш боюнча комиссия түзүлгөндөн кийин гана кабардар болгон. Ал белгилегендей, кургак учукка каршы ФС-1 дарысын алуу жана клиникалык сыноодон өткөрүү боюнча департамент менен Казакстан тарап келишим түзгөн эмес жана уруксат алынган эмес деп билдирди.

 Эске салсак, кургак учукка каршы колдонулган ФС-1 дарысынын чыры ушул жылдын май айында көтөрүлгөн. Анда коомдук байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев дарыны оорулууларга  карата мыйзамсыз шартта эксперимент жасалып жаткандыгын айткан. Бирок ошол  убакта Кургак учукка каршы күрөшүү улуттук борборунун башчысы Абдулаат Кадыров мындай дооматтарды четке кагып, ал сыноого бейтаптар өз ыктыяры менен катышып жаткандыгын айтканы  бар. Бирок байкоочу кеңештин арызынын негизинде комиссия түзүлүп, мыйзамсыз  иштер аныкталган. Буга чейин да кургак учукка каршы дары-дармек менен камсыз кылуу маселесинин айланасында мыйзамсыз фактылар аныкталган. Анда, 300 миң долларлык мөөнөтүнөн өткөн дары-дармек колдонулганы билинген.

Бегайым Абдыкадырова “Биринчи радио”