Жаңылыктар
Кытайдын жана Борбор Азиянын ММКлары кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдын жана Борбор Азиянын ММКлары кызматташат

Улуттук телерадиоберүү корпорациянын башкы директору Болотбек Тиллебаев Кытайдын борбору Бээжин шаарында «Кытай - Борбор Азия» саммитинин алдында, “Жаңы өнүгүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” урааны астында өткөн кызматташуу диалогуна катышты. Иш-чара онлайн жана оффлайн форматында болду. 

Анда Кытай медиа корпорациясынын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, дипломаттар жана илимпоздор өз ойлорун ортого салышты. Алар улуттук шарттарга ылайык модернизациялоонун жолдорун табууга, аны жайылтуудагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролуна байланышкан темаларды талкуулашты. Кытай медиа корпорациясы мамлекет башчылары белгилеген багытты карманып, аймактагы кызматташуу идеяларынын маанилүүлүгүн аудиторияга жеткирүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле, ММКлар ортосундагы кызматташтык механизмдерин күчөтүү зарылдыгы айтылды. Өз кезегинде УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.