Жаңылыктар
Коалиция кандайча куралат?
Саясат
Коалиция кандайча куралат?

Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияны куроо боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бирдиктүү альянсты түзүү мандатын кечээ президент Алмазбек Атамбаев социал-демократтар фракциясына берген. Мыйзамга ылайык фракция көпчүлүктү 15 күндүн ичинде курап, парламентке жаңы өкмөт башчыны жана анын курамын сунушташы керек. Коалиция кандай курамда тузулот жана ага ага кирчү ар бир партиянын программасын камтууга болобу?

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны бүгүн күндөгүдөн эрте бүттү. Төрага Чыныбай Турсунбеков жыйындын күн тартибине маселе атайын аз киргизилгенин, анткени фракция лидерлери коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жакшылап жүргүзүшү үчүн убакыт бериш керек дейт. Добуш берүү күнү да кийинкиге жылдырылды. 

Бирок азырынча фракция лидерлеринин конкреттүү жолугушуулары, жаңы курам боюнча кызуу талкуу боло элек. Социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов, бул процедуралардын бардыгы жакынкы күндөрү башталарын айтат. Негизги максат- көпчүлүккө кире турган бардык фракциялардын сунуш пикирлерин камтып, бекем коалиция куроо болуп жатат. 

Өмүркулов болочок коалиция кайсы фракциялардан турарын айтуудан карманып турат. Буга чейин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен саясий көз караштары дал келбесин ачык айткан болчу. Бирок көпчүлүк альянс белгиленген убактысында, андан да эрте куралып калышы мүмкүн дейт. Учурда көпчүлүк саясатчы, серепчилер парламенттик көпчүлүк КСДП, Кыргызстан жана “Республика-Ата Журттан” түзүлөт дегенге ыктап турушат. 

Көпчүлүк серепчилер коалиция КСДП, Кыргызстан жана “Республика-Ата” журттан куралса натыйжалуу болот деп эсептешүүдө. Мындай жагдайда парламентте дагы күчтүү оппозиция түзүлмөк дешет. Анүстүнө көпчүлүк альянсы биринчи жолу жеке кызыкчылыктардан улам эмес, жалпы идеянын, мамлекеттин келечеги үчүн бузулганын белгилешет. 

Коалиция куроого мандат алган фракцияда 17-ноябрга чейин убактысы бар. Ал эми жаңы өкмөт боюнча, анын курамы өзгөртүүлөргө дуушар болот, бирок көп эмес. Негизи ушул бойдон калары айтылууда.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118