Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди

Президент Жапаров Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитинин алдында Кытайдын эң ири расмий гезити «Жэньминь жибао» гезитине интервью берди. 

Мамлекет башчысынын жоопторунун негизинде кыргыз-кытай достугу жана кызматташтыгы, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана алардын келечеги тууралуу макала басылды. Садыр Жапаров интервьюда «Кытай-Борбордук Азия” механизми оригиналдуу өзгөчөлүктөрү бар авторитеттүү аймактык бирикмеге айланат, - деген. 

Анын айтымында, аймактык маселелер Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгына тиешелүү. Азыркы кырдаал алардан саясий байланыштарды чыңдоону, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү, аймактык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч жараткан чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууну талап кылууда, - деп кошумчалаган. 

Маегинде Президент 1992-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү эки тараптуу мамилелердин жаңы барагын ачканын баса белгиледи. 31 жылдан бери мамлекеттер тең укуктуулукка, өз ара ишенимге негизделген жакшы коңшулук жана достук мамилелерди түзүштү. Өз ара түшүнүшүү жана компромисстин негизинде чек ара маселеси толугу менен чечилгенин айткан. 

Ошондой эле өз ара тыгыз аракеттенүү, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кытай-Борбор Азия форматынын туруктуулугунун кепилдиги. Бул механизм тынчтык саясатына өбөлгө түзүп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрөрүнө ишенем деген.