Жаңылыктар
Бакиев менен болгон маек Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРКнын тиешеси жок
Кыргызстан жаңылыктары
Бакиев менен болгон маек Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРКнын тиешеси жок

Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен болгон маеги боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөргөндүгүнө байланыштуу, дагы бир ирет жооп берип коюуну туура көрдүк.

Бул маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдары бөлүп берилбеген.

Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө.

Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралбаган.

Ички тартип боюнча УТРКнын ар бир эфирдик торчодон орун алган көрсөтүүлөрү алдын ала макулдашылып, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалат.