Жаңылыктар
КМШ интеллигенциясынын форуму өттү
Маданият
КМШ интеллигенциясынын форуму өттү

Бишкекте шериктеш мамлекеттердин эгемендигинин 25 жылдыгына карата “Гуманитардык кызматташуунун келечеги" аттуу форум өттү. Иш-чара шериктеш өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун колдоосу астында уюштурулган. 

КМШнын илимий жана чыгармачыл интелегенциясынын форуму 10 жылдан бери ар кайсы мамлекеттерде кезеги менен өткөрүлүп келе жатат. Анда биргелешип жасалган иштердин пландары, билим, илим жана маданият, туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча өз ара аракеттердин олуттуу маселелери талкууланып келет. Алгач форумдун катышуучуларына өлкө башчысынын куттуктоо сөзүн, президенттик аппарат башчынын орун басары Мира Карыбаева жеткирди.

Эки күндүк иш чарага катышуу үчүн Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия мамлекеттеринен 200 дөн ашуун делегаттар келишкен. Форумда сүйлөп жатып, Россия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, Кыргызстанда төрөлгөндүгүн белгиледи.

Кезегинде Михаил Швыдкой КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча кеңеши, президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондусунун төш белгиси менен сыйлоо чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

Иш чаранын алкагында салт болуп калган “Дебюттардын шериктештиги” деп аталган эл аралык жаштар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болду. Кыргызстан тараптан сыйлык Славян университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Павел Дятленкого тапшырылды. Ал эми Орусия федерациясынан “Түндүк-Түштүк” деп аталган саясий борбордун жетекчиси Анжелика Трапезникова алды.

Ошондой эле 2016-жылы статус алган Түркмөнстандын жаңы маданий борбору Дашогуз шаарынын бет ачаары болуп, мындай укук Азербайжандын Гянджа шаарына өткөрүлүп берилди.Эртең аяктай турган иш чара соңунда илимий жана чыгармачыл интелегенциянын биргелешкен ишинин жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат.