Жаңылыктар
Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды

Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Департаменттин директору Айбек Абдымомунов Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин вице-министри Куранбек Сарсен Абайулы менен көчмөндөр оюндарына даярдыктар боюнча онлайн жолугушуу өткөрдү. 

Сүйлөшүүнүн алкагында 2024-жылы Казакстанда өтө турган Ⅴ Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизиле турган спорттун түрлөрү, иш-чаранын масштабы жана эки тараптык түзүлгөн келишим боюнча сөз болду. 

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ал эми 2014-2016-2018-жылдары Кыргызстанда өткөрүлгөн.