Жаңылыктар
Улуттк гвардияда “ачык эшик” күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттк гвардияда “ачык эшик” күнү

Улуттук гвардиянын "Пантера" аскер бөлүгүндө ачык эшик күндөрү өттү.

Анда мектеп окуучуларына ардак кароолдун саптык көрсөтүүсү тартууланды. Ардак кароол жогорку деңгээлдеги чет элдик конокторду тосууда кызмат көрсөтөт. Ошондой эле башкы аянттагы мамлекеттик тууну кайтарып, президенттин ант берүүсү сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чараларга катышат.

Мындан сырткары жоокерлер согуштун курал менен жана куралсыз түрлөрүн көрсөттү. Ачык эшик күндөрүнүн максаты мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөө.