Жаңылыктар
Нарында курулуш кызматкерлерине иш козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында курулуш кызматкерлерине иш козголду

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

13-майда Турак-жай жана граждандык курулуш департаментинин алдындагы Нарын райондук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында "ГлавПроектСтрой" ЖЧКсы тарабынан Кочкор районунун Төлөк айылындагы орто мектептин спорт залы курулуш нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу менен курулганына карабастан, 2019-жылы Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери бул объектти курулуш нормаларына ылайык деп пайдаланууга кабыл алышкан. 

Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "ГлавПроектСтрой" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн 8 млн 465 миң 306 сомго келишимге ылайык, спорт залдын курулушу 2017-2019-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Бирок иш жүзүндө Нарын Капиталдык курулуш башкармалыгы көрсөтүлгөн мөөнөттө подрядчыга 9 млн 774 миң 768 сом которгон. Соттук-курулуш экспертизасынын корутундусуна ылайык, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 400 миң сомго жакынды түзгөн.