Жаңылыктар
Таластын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Таластын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө

Таласта мурдагы облус жана шаар жетекчилер коррупцияга шектелип кармалды. Талас шаарындагы тигүү фабрикасын куруу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүү жана "Ника KG" курулуш компаниясынын эсебине 25 млн сом мыйзамсыз которулган фактысы боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, 2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун” долбоордук-сметалык документтери жок талаптарын бузуу менен жана Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун максатка ылайыктуулугу боюнча корутундуларды чыгарып, жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоор жактырылгандыгы аныкталган.

2022-жылдын октябрь айында Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгы боюнча текстиль фабрикасын курууга "Ника KG" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Ушул эле жылы келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100% акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директорунун көрсөтмөсү боюнча Президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 млн сом которгон, анын ичинен биринчиси кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, "откат" иретинде акча каржатын алышкан.

2023-жылдын 18-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Президентинин Талас облусундагы мурдагы өкүлү, Талас шаарынын мурдагы мэрии, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору, Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы башчысы,"Ника КГ" ЖЧКнын өкүлү кармалды.