Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Пекин шаарына (Кытай Эл Республикасы) келди.

Бул жерде Президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар уланат.

Пекин шаарында бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Эртең Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Цзинань шаарында уланат.