Жаңылыктар
Елена Калашникова эки айга камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Елена Калашникова эки айга камалды

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова жана анын орун басары эки айга камака алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Алар коррупция боюнча шектелип жатат. УКМК көрсөтүлгөн максаттарга бөлүнгөн каражаттардын ири өлчөмдө ысырап кылынгандыгын аныктаган. УКМКнын маалыматына ылайык,жемкорлукка шектелгендер

өздөрүнө жогору маяна коюп алган. Мындан тышкары курулуш иштеринин баасы чыныгы наркынан ири көлөмдө көбөйтүлгөн. Калашникованын үйүн тинтүүдө анын атындагы Россиянын 3 паспорту жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунан бирөө табылган. Учурда алынган материалдар боюнча териштирүү иштери уланууда.