Жаңылыктар
"Телефондук террорист" эркинен ажыратылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Телефондук террорист" эркинен ажыратылды

Биринчи Май райондук соту тарабынан терроризм актысы жөнүндө атайылап, жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иши каралды жана элдин учурдагы терең нааразылыгын эске алуу менен иштин бардык жагдайлары изилденип чыгып,сот тарабынан кармалган адам күнөөлүү деп табылып, аталган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, алты айга эркиндигинен ажыратылды жана жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтүүсү тандалды. Эскерте кетсек,2023-жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес.Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 1982-жылы туулган жаран аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө жасаган бейбаштык мойнуна алган. УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.