Жаңылыктар
Кыргызстандагы аялзаты боюнча кызыктуу маалыматтар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы аялзаты боюнча кызыктуу маалыматтар

Өлкөдө 3 миллион 357 миң аял бар. Бул маалыматты Статистика боюнча улуттук комитети билдирди. 

Калктын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгүн, тагыраагы, 50,6 пайызын айымдар түзөт. Шаар жерлеринде 1 миллион 286 миң, айыл жерлеринде 2 миллион 271 миң аял жашайт.

2022-жылы республикада 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял "эне" макамына ээ болгон. Кыргызстанда тун баласын төрөгөн энелердин орточо курагы 23 жаштын тегерегинде. 

Мындан тышкары Улуттук статистика комитети 2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү байкалганын билдирди. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келет. Бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көрсөткүч.