Жаңылыктар
Жаңы канализациялык коллекторлор курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы канализациялык коллекторлор курулууда

Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасынын алкагында коллекторду куруу иштери улантылууда. 

Жаңы түтүк шаардын түштүк жана батыш тарабындагы канализация системасын Бишкектеги саркынды сууларды тазалоочу жай менен байланыштырат. Бул курулманын узундугу 11 чакырымды түзөт. 

Жаңы канализацияны куруу темир-бетон түтүктөр колдонулуп жатат. Бул курулуш материалларын пайдалануу менен, курулманы 50 жылдай колдонууга болоору айтылууда. 

Эскерте кетсек, канализациялык коллекторлорду куруу 2021-жылы башталган.