Жаңылыктар
Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкү кооптуулугу жогору аймактардын картасы түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкү кооптуулугу жогору аймактардын картасы түзүлөт

Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкү кооптуулугу жогору болгон аймактардын картасы түзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарындагы жер көчкү участкаларында мобилдүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо борборунда атайын жабдуулардын жардамы менен изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 

Жыйынтыгында жер көчкүлөрдүн учурдагы абалы жана кооптуу аймакта жашоолорун улантып келе жаткан жарандар боюнча маалыматтар такталып, эскертүү менен түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү сунуштар берилүүдө. 

ГИС программасынын жардамында кооптуу аймактардын картасы түзүлөт.