Жаңылыктар
Азия чемпионаты: Кыргызстан курамасы Непал менен беттешет
Спорт
Азия чемпионаты: Кыргызстан курамасы Непал менен беттешет

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы бүгүн, 22-майда Непалдын курама командасы менен беттешет.

Беттеш 22-30-майда Непалда өтө турган Борбордук аймак командалары арасындагы Азия чемпионатынын алкагында өтөт.

Медалдар үчүн күрөштү эки топко бөлүнгөн 8 команда алып барат.

Тайпалык баскычтын 1-турунда Кыргызстандын курамасы Непал менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 16:15те башталат.