Москвадагы өрттөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары да бар. Бул тууралууорусиялык басылмалар жазышууда. Стромынка көчөсүндөгү тигүү цехинде болгон кырсыктан 12 адам көз жумганы, алардын үчөө жаш балдар экени кабарланды. Окуя 31-январга караган түнү орун алган. Укук коргоо органдарында имарат атайылап өрттөлүшү мүмкүн деген божомол бар.