Жаңылыктар
Токтогулда 8 млрд куб суу чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогулда 8 млрд куб суу чогулду

22-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 364 млн куб метрди түздү. 

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 704 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 250 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.