Жаңылыктар
Мектеп окуучуларынын арасында уруш чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп окуучуларынын арасында уруш чыкты

Өзгөн районуна караштуу Мойдунов атындагы №11 орто мектебинде окуучулар арасында пикир келишпестик болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видеотасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге тийиштүү чара колдонулган. Мектепте тарбиялык иштерин начар алып баргандыгы үчүн директордун орун басары “ сөгүш”, мектептин социалдык педагогу жана 8 ”а”, 8 “б”, 9 “б” класстын класс жетекчилери “эскертүү” алышты.