Жаңылыктар
Жер семирткич былтыркыдан арзан
Кыргызстан жаңылыктары
Жер семирткич былтыркыдан арзан

Жыл башынан бери өлкөгө жалпысынан 76,4 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келди.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде азоттук жер семирткичтер – 57,9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер – 17,9 миң тонна жана калийдик 0,6 миң тонна болду.

Быйыл аммиак селитрасы 1 кг үчүн – 34 сомдон 44 сомго чейин, карбамид 1 кг 42 сомдон 49 сомго чейин сатылууда. Министрликтен белгилешкендей, минералдык жер семирткичтерге баа былтыркы жылга салыштырмалуу 5-6 сомго арзан болууда.