Жаңылыктар
Токмокто "Кан басымыңды бил" акциясы өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Токмокто "Кан басымыңды бил" акциясы өтөт

Токмок шаарында 27-май күнү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө карата “Өз кан басымыңды бил” акциясы өтөт.

Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Иш-чаранын максаты – калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары, ошондой эле башка тобокелдиктер боюнча маалымат берүү. Гипертония – кан басымынын жогорулашы менен мүнөздөлүүчү жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу.

Гипертония – үнсүз өлтүргүч. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогору экенинен шек санашпайт. Гипертония маанилүү органдарга таасир этет. Токмок шаарынын тургундары акция учурунда кан басымын жана салмагын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорусу менен кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин аныктап, текшертсе болот.

Кант диабетине тобокелдик фактору жогору болгон учурда кандагы канттын деңгээлин экспресс-метод менен аныктоо боюнча медициналык кызматтарды акысыз ала алышат.