Жаңылыктар
Мыйзамсыз иштеген медреселер аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз иштеген медреселер аныкталды

Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери медреселер эч кандай уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды.

Эркектер медресесинде 9 дан 18 жашка чейинки 25тен ашык бала окуган. Алар медресенин аймагында жашашкан. Орто мектептерге барган эмес. Медреседе эртең мененки сегизден 17-00гө чейин окушкан.

Аялдар медресесинде 40ка жакын аял жана 10 кыз билим алып, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09-00дөн 16-00гө чейин сабактар өтүлгөн. Кыздар да орто мектептерге барышкан эмес. Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган.

Алар мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окуу жана хадистерди үйрөнүшкөн. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык алардын ар бирине 5500 сом өлчөмүндө айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Ал эми жашы жете элек окуучулар Сузак райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.