Жаңылыктар
Миллиард долларлык кайсы долбоорлор ишке ашат?
Кыргызстан жаңылыктары
Миллиард долларлык кайсы долбоорлор ишке ашат?

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1 миллиард доллардан ашык суммага келишимдер түзүлдү. Алардын дээрлик көпчүлүгү экономикалык багытта. Ал арада талдоочулар бул көрсөткүчтөр жакынкы эле келечекте бир кыйла өсүшү мүмкүн дешет. Себеби, мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кытайда ири корпорация, компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп жатып, Кыргызстанда КМШ мейкиндигиндеги эң либералдуу, жеңилдетилген инвестициялык саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.