Жаңылыктар
Ленин районунан депутатты шайлоого 124 810 бюллетень даярдалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин районунан депутатты шайлоого 124 810 бюллетень даярдалды

Бишкекте 28-майга белгиленген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. 

Борбордук шайлоо комитетинен билдиришкендей, жалпысынан 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. 

“Учкун” ишканасы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. Басмаканада жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүлүп берилди жана 14 кг 900 гр жараксыз бюллетендер жок кылынды.