Жаңылыктар
Таза сууну үнөмдүү пайдаланыңыз
Кыргызстан жаңылыктары
Таза сууну үнөмдүү пайдаланыңыз

Бишкекте суу колдонуу боюнча абоненттердин саны жети пайызга өсүп, 270 342ни түздү.

Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматта айтылгандай, былтыр суу пайдалануучулардын саны 263 286 болчу.

"Ошол эле учурда абоненттердин таза сууну керектөөсү да өсүүдө. Жыл сайын ысык сууну өчүрүү учурунда ичүүчү суунун көрсөткүчү кыйла жогорулайт. Андыктан сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу өтө маанилүү", — дешти муниципалитеттен.

"Бишкек суу каналы" ишканасы идиш жууп жатканда, сууну керек эмес учурда өчүрүп турууну өтүнөт. "Тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедура бир топ үнөмдөөгө жардам берет. Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаны болгон кубаттуулугуна коюп пайдаланыңыз. Бул нерсе сууну үнөмдөйт. Сугат иштери түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек" - деп айтылат маалыматта.