Жаңылыктар
Камбар-Ата-1 ГЭС: Курулуштун сапаты маанилүү
Кыргызстан жаңылыктары
Камбар-Ата-1 ГЭС: Курулуштун сапаты маанилүү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болду.

Жыйындын жүрүшүндө ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннел курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш шаарчысын жайгаштырууга жайлар даярдалууда. Көпүрө куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, республиканын жылдык керектөөсү 17,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын түзүп, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө жана дефицит пайда болууда. Ошол себептүү, Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизилсе өүбүздүн муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн Бакыт Төрөбаев айтты. Жыйында уюштуруу комитети Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин баштоого чейинки даярдык иштери 2024-2025-жылдары аягына чыгаарын билдирди.