Жаңылыктар
Коңшу өлкөгө баалуу металлдарды мыйзамсыз чыгаргандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Коңшу өлкөгө баалуу металлдарды мыйзамсыз чыгаргандар кармалды

Кыргызстандан Казакстанга Баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. 

Ушул жылдын 19-майында атайын кызмат чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, "Ак-Жол-Автодорожный" өткөрүү пунктунда, жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок Казакстанга тарапка мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда коңшу өлкөнүн жараны кармалган.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.