Жаңылыктар
Мектептерге өзгөчө кырдаал жабдыктары тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге өзгөчө кырдаал жабдыктары тапшырылды

Мектептерге өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү үчүн атайын жабдуулар тапшырылды. Япон өкмөтүнүн көмөгү, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ өлкөдөгү мектептерге техника сатып алууга 1,3 млн доллар бөлдү.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган каражатка 600 мектептин өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыгын камсыз кылуу үчүн 15 миң техникалык жана медициналык жабдуу, 100 мектепке 863 компьютер сатып алынып, таратылды. Мектепке берилген жабдууларга өзгөчө кырдаалдар маалында биринчи кезекте зарыл болгон мегафондор, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоо үчүн замбилдер, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн баштыкчалар, кырсык тобокелдиги тууралуу маалымат такталары жана авариялык эшик туткалары кирет.

Аталган жабдуулар “Кыргыз Республикасында балдарды - климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатып алынган. Долбоорду Жапон өкмөтү каржылап, Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргеликте ишке ашырып келет. Долбоор “2015-2024-жылдарга карата Кыргызстандагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер” мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдойт.