Жаңылыктар
"Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
"Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" ишке кирди

Кыргызстанда Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында, "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын" пилоттук режимде ишке киргизүү башталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы" - бул бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактаган жана башкарган маалымат системасы, медициналык кызматкерлерге онлайн режимде кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Системаны иштеп чыгуунун максаты - бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка ыкчам жана ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылуу аркылуу, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле медициналык кызматкерге маалыматты издөөгө жана чогултууга сарпталган бюрократиялык жүктү азайтуу болуп саналат. Система бейтаптардын медициналык тарыхын санариптик жазууну, маалыматтарды борборлоштуруп сактоону, лабораториялык жана диагностикалык системалар менен интеграциялоону, дарыгерлердин кабыл алуу графигин камтыйт.

Система медициналык персоналдын ишин жеңилдетүүгө багытталган жана оорунун статистикасын жана ресурстарды пландаштыруу үчүн отчетторду жана аналитиканы түзүүгө мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, бул Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылы иштелип чыккан бирдиктүү санариптик схеманын алкагында ишке ашырылган үчүнчү санариптик чечим.