Жаңылыктар
Валерий Кичин Кыргызстандын жакынкы беттештерине катыша албайт
Спорт
Валерий Кичин Кыргызстандын жакынкы беттештерине катыша албайт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы июнь айында эки беттеш өткөрөт.

Бишкекте Иран, Ооганстан жана Кыргызстан курамаларынын катышуусунда Борбор Азия футбол ассоциациясынын Кубогунун тайпалык раундунун оюндары өтөт.

10-июндагы 1-турдун оюнунда Кыргызстан Ирандын курама командасы менен беттешет. Бул оюнга Валерий Кичин катышпайт.

Учурда Валерий Кичин ойногон «Енисей» клубу кийинки сезонго РПЛге чыгыш үчүн күрөш жүргүзүүдө. Футбол улуттук лигасынын финалдык туру 3-июнда, ал эми плей-офф оюндары 6-7-июнда, экинчиси 9-10-июнда өтөт.