Жаңылыктар
Таркович коргоочу Азамат Байматовду командага эмне үчүн чакырганын тушүндүрүп берди
Спорт
Таркович коргоочу Азамат Байматовду командага эмне үчүн чакырганын тушүндүрүп берди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Таркович эмне үчүн «Алганын» коргоочусу Азамат Байматовду командага чакырганын айтып берди.

Акыркы жолу коргоочу 2019-жылдын ноябрында Тажикстан каршы беттеште ойногон.

"Менин түшүнүгүмдө командадан маанилүү оюнчу жок. Бул мага да тиешелүү. Менин милдетим эң пайдалуу жана сапаттуу оюнчуларды изилдөө жана тартуу. Менин байкашымча, Кыргызстандын курама командасы акыркы оюндарда 9 гол өткөрүп жиберсе, анын 6сы стандарттан кирген.

Коргонууга узун бойлуу жана физикалык жактан күчтүү оюнчулар керек. Менин баамымда, Азамат Байматов бул позицияга абдан ылайыктуу. Ооба, бизде башка мыкты оюнчулар бар, бирок Валерий Кичин биринчи оюнга катышпайт. Мен Азия Кубогунда бизге жардам бере турган команда түзүшүм керек", - дейт Таркович.