Жаңылыктар
Сузакта бир жаран кар көчкүнүн курмандыгы болду
Кырсык
Сузакта бир жаран кар көчкүнүн курмандыгы болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Зоо жайлоосунда 27-октябрда Сагын Тапаев аттуу жаран аң уулоого чыгып, кар көчкү алдында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, мергенчини жаңы курулуп жаткан Бишкек-Ош кошумча жолундагы туннелге жакын жерде көчкү басып калган. 

Анын шериктери аман калышып, куткаруучуларга кабар беришкен. Тынымсыз издөө иштердин натыйжасында 28-октябрда саат 11лер чамасында кар алдынан аңчынын жансыз денеси табылды.