Жаңылыктар
Эсеп палатасынын кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Эсеп палатасынын кызматкери кармалды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысынан финансылык-чарбалык ишин текшергенден кийин, оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом акча талап кылган факт аныкталган. Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.