Жаңылыктар
Абайлаңыз, кар көчкү түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Абайлаңыз, кар көчкү түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 23-24-май күндөрү жааган жамгырга байланыштуу Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо аба ырайы кескин өзгөрүп, кар көчкү түшөт. Кар күрткүгө айланып, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Жолдордун өтө кооптуу тилкелери болгон Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Коопсуздук жагын алдын алуу максатында унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.