Жаңылыктар
Улуттук онкология борборуна жаңы жабдык орнотулду
Ден соолук
Улуттук онкология борборуна жаңы жабдык орнотулду

Улуттук онкология борборунун радио- гинекология бөлүмүнүнө 32 миллион сомдук брахитерапиялык аппарат берилди. 

Бул аппараттын жардамы менен аялдардын жыныстык органдарын жана мурун - тамак органдарындагы шишиктерди дарылайт.

"Агат Б" деп аталган кымбат баалуу медициналык жабдыкты "Росатом" компаниясында жасалып, октябрдын башында Онкология борборунда орнотулду. Бир айдан бери орусиянын адистери ал аппарат менен иштөөну үйрөтүп  жатышат. 

Кечээ алгачкы жолу 6 бейтап дарылоодон өттү. Айта кетсек, буга чейин 30 жылдан бери колдонуп келген брахитерапиялык аппарат иштен чыгып, кыргызстандык бейтаптар чет өлкөдөн дарыланышчу.