Жаңылыктар
Футбол: Россияда президенттин кубогу үчүн мекендештер арасында мелдеш өттү
Спорт
Футбол: Россияда президенттин кубогу үчүн мекендештер арасында мелдеш өттү

Москвада КР Президентинин Кубогу үчүн мекендештер арасында футбол боюнча мелдеш аяктады.

Президенттин кубогу үчүн Орусияда жашаган мекендештер арасындагы турнир биринчи жолу уюштурулду.

Кыргызстандын 40 районунан жана 8 шаарынан келген 48 команда бир айдын ичинде мыктыларды аныктады.

Биринчи орунга 300 миң рубль өлчөмүндө акча жана медалдар тапшырылды.

Ошондой эле, 2-орунга 200 миң, 3-орунга 100 миң жана 4-орунду ээлеген командага 50 миң рубль берилди.

Жыйынтык:

1-орун - Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун командасы;

2-орун - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун командасы;

3-орун - Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак районунун командасы.

40 жаштан улуу ардагерлер

1-орун – Ысык-Көл облусу;

2-орун – Джалал-Абад шаары;

3-орун - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен району.