Жаңылыктар
Республика аймагында “Техникалык абал” жана “Коомдук транспорт” аталышында рейд башталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Республика аймагында “Техникалык абал”  жана “Коомдук  транспорт”  аталышында рейд  башталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан коомдук тарнспорттор катышкан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, ылдамдыкты ашырып айдоого жол бербөө, ошондой эле жүргүнчүлөрдү шаар ичи жана шаар аралык каттамдарга ташыган  маршурттук унаалардын техникалык абалын (үн чыгаруучу, жарык берүүчү каражаттарын, отургучтарын, тормоз газ, кыймылдаткыч кузовторун)  текшерүү,  жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда эмгек жана эс алуу талаптарынын аткарылуусун көзөмөлдөө,  максатында  23-майдан 31-майга чейин, “Техникалык абал”  жана “Коомдук  транспорт”  аталышында рейддик иш-чара өткөрүлөт.  

Рейд учурунда  коомдук транспорттордун айдоочулары эртеменен каттамга чыгууда сөссүз наркология бөлүмүнөн өтүп, кан басымы текшерилип, унааларын  атайын техникалык кароодон өткөндүгүн текшерүүгө алышат.

Андан сырткары акыркы коңгуроо учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн эс алуучу жайларга, тоо-суу жаратылыш жайларына алып барбоо боюнча текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.