Жаңылыктар
Бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге эскертүү!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге эскертүү!

Эртең, 25-майда мектептерде  акыркы коңгуроо кагылат. Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз  кылган башкы башкармалык бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, балдарын  кароосуз калтырбоого чакырат. 

Башкармалык унаа айдоого укугу  жок болгон өспүрүмдөргө автоунаа бербөө керектигин баса белгилейт. Мунун  максаты - жол кырсыктарынын алдын алуу. Азыркы эрежелерге ылайык, мас абалында  унаа башкарган айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат жана айдоого  укугу жок айдоочу унаа башкарган учурда унаасын убактылуу айып аянтчасына  токтотуп коюу менен 15 миң сом айып салынат. 

Андан тышкары, атайын унаа  кортеждерин жалдап, чоң жолдо автоээнбаштык кылгандарга да 15 миң сом айып  салынарын эскертет. Акыркы коңгуроо салтанатында жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздаган кызматкерлери кошумча күзөттөрдү коюу менен күчөтүлгөн тартипте  иштейт.