Жаңылыктар
Европа Биримдиги менен кызматташуу талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Европа Биримдиги менен кызматташуу талкууланды

Тышкы  иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Биримдигинин делегациясын жетектеген  Европа Комиссиясынын Жакынкы Чыгыш жана Азия-Тынч океан региону боюнча эл  аралык кызматташтык уюмунун директору Петерис Устубс менен жолугушту.

Жолугушуунун  жүрүшүндө кыргыз-европа кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын  ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жана аймактык иш-чараларды  уюштуруу пландары талкууланды.

Мындан  тышкары, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл  экономиканы өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана спутник байланышын өнүктүрүү  жаатындагы көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоорлорду жана  программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.