Жаңылыктар
Кувейттик компания Кыргызстандагы инвестициялык жагдайга кызыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кувейттик компания Кыргызстандагы инвестициялык жагдайга кызыгууда

Кувейттик  компания Кыргызстандын инвестициялык абалын изилдейт. Ушул максатта Бишкекке  келген Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясы менен Соода-өнөр жай  палатасынын вице-президенти Элмира Батаева жолукту. 

Жолугушуунун  жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана Кыргызстандын экономикасынын  ар түрдүү секторлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.  "Кувейт инвестициялык компаниясы Кыргызстандагы инвестициялык климатты  изилдөөгө кызыкдар, бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштардын  чыңдалышына алып келиши мүмкүн. 

Эки тарап  тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана потенциалдуу инвестициялык  долбоорлорду изилдөөгө даярдыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.  Соода-өнөр жай палатасы ак ниеттүү өнөктөштөрдүн реестрин берүүгө, ошондой эле  Кувейт тарапты кызыктыра турган долбоорлорду берүүгө даяр.